• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бала бакчалар качан иштей баштайт? Бороновдун жообу

15 Аяк оона 2020 19:04 Бишкек Govori.TV

Республикалык штабда бала бакча жана мектептерди санитардык талаптарды сактоо менен ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарынын дезинфекциялоо иштери башталды.

«Азыркы учурда жеке менчик бала бакчалар санэпидемкөзөмөлдөө борборунун макулдугу менен иштеп жатат. Мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалар ар бир район, шаарда атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерилип, бала бакчалардын ачылышы жөнүндө жакынкы күндөрдө тиешелүү чечим кабыл алынат. Ал үчүн атайын колдонмолор жана бала бакчалар үчүн иш-аракеттер алгоритми бекитилген. Бала бакчалардын имараттарынын дезинфекциялоо иштери башталды», — дейт ал.

Боронов мектептердин толук кандуу иштеп башташы боюнча акыркы сөздү сентябрь айынын аягында айтыларын кошумчалады.

Количество просмотров: 427