Баласын аёосуз сабаган атанын аты жөнү, жердиги белгилүү болду. Бул тууралуу “коом press” cайты жазды.
Маалыматка ылайык, аты жөнүн айтууну каалабаган жаран социалдык тармакта тараган видео материалды көрүп, баласын уруп жаткан эркек кишинин ким экенин айтып берген.
“Көргөн көзүбүзгө ишене албай эртеден бери ыйлап атабыз. Бул жигиттин аты жөнү Эмил Пирназаров, 36 жашта. Ала-Буканын Көк-Серек айылынан болот. Өзү апасыз чоңойгон жигит, мээрим көргөн эмес. Азыр Москвадан милиция кармап кетиптир. Жубайы экөөнүн үч баласы бар. Сабалган бала анын ортончу баласы. Окутабыз деп Москвага алып кетишкен. Быйыл 1-класста окуп жаткан болчу. Туугандары бүт ызырынып жатышат. Карантин болбосо бүгүн эле алып келмекпиз дешүүдө.”-деп бидирген өзүн тааныштыргысы келбеген жаран.