• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Балбак Түлөбаев: «Мектептеги система чирип кетиптир»

14 Тогуздун айы 2018 13:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.10.2018.Govori.TV

Кечээ 13-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, жогорку класстын окуучуларынын токмогунан жабыркаган окуучу баланын абалынан кабар алган. Бул маалыматты мериянын басма сөз кызматы тастыктаган эле.
Ал эми эртең, 15-октябрда Азиз Суракматов чуу чыккан N 47 мектепке барып, ал жакта жүргүзүлүп жаткан система менен таанышат. Бул тууралуу Govori.TV агентигине мэриянын апарат кызматынын жетекчиси Балбак Түлөбаев  билдирди. Ал мектептердеги билим берүү системасы чиригенин, көзөмөл керек экенин айтып, агынан жарылды.

» Жабыркаган окуучу окуган мектепке эртең мэр Азиз Суракматов барат. Мектепте жыйналыш өткөрүп, ким кемчилик кетирген болсо, алардын баарынын кызмат ордун карайбыз. Жашы жете элек балдарды караган милиция боюнча, шаардык билим берүү башкармалыгынын адистери жана мектеп администрациясынын ишмердүүлүгү каралат. Негизи эле билим берүүдөгү система чирип кетиптир. Мектепте окуучулар менен иштөөгө тиешелүү эч кандай иш-чаралар алып барылбайт экен. Учурда комплекстүү иш- аракеттерди иштеп чыгууну пландап жатабыз. Бул комплекс бир эле мектеп жетекчилигине тиешелүү эмес. Ата-энелерге, ИДН кызматкерлерине дагы тиешелүү. Чындыгында учурда мектеп директорлоруна болгон нааразычылыктар күч алды. Алар тарбияны жана билимди көзөмөлдөшү керек. Кайдагы тамак-аш, китеп, акча чогултмай иштери менен көп алек болуп кетишти. Директорлор өз милдетин так аткарбай жаткан сыяктуу. «Коопсуз шаарды» «коопсуз мектеп», «коопсуз бала бакча», «коопсуз короо», «коопсуз көчө», кылышыбыз керек» — деди Түлөбаев.

Эскерте кетсек, N 47 мектептин 9-класстагы окуучулары 8-класстын окуучусунан акча талап кылышкан. Бирок, ал талап кылган акчаны берген эмес. Жыйынтыгында бала ур-тепкиге алынып, эки тиши сынып, оозу жарылып ооруканага түшкөн болчу.

Количество просмотров: 23