Реформалар ишке ашпай калса министр мыйзам алдында жооп берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди.
Анын айтымында, реформа жасоо оңойго турбайт.
«Саламаттык сактоо министри жүргүзүп жаткан реформаларды толугу менен колдойм. Ал жакшы иштерди баштады, аягына чыгарышы керек. Медициналык багытта билим берген айрым окуу жайларды жабуу сунушу дагы туура. Реформа облустук жана райондук ооруканалрга чейин жетиши керек. Реформа жасоо оор болот, калыптанып калган нерселер кулайт. Анын таасирин күзүндө сезебиз»,-деди депутат.