• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Балбак Түлөбаев шаарды жаап салабыз деп коркутту

15 Кулжа 202021:16 Бишкек Govori.TV

Коронавирус дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.

«Акыркы эки күндө 98
адам ооруду. Айтсак жаман көрөсүңөр, ишенбейсиңер, көңүл кош карайсыңар. Урушсаңар да, чапсаңар, тепсеңер да эми таарынбагыла. Эл көп жүргөн базар, соода түйүндөр, ресторан жана кафелер, такси жана коомдук транспорт ээлерине акыркы каттуу эскертүү. Санитардык нормаларды сактабасаңар жазасын аласыңар. Маска кийип аралыкты сактагыла. Колуңарды жууп тургула.Укпасаңар ишенбесеңер эми өз убалыңар өзүңөргө. Дагы күчөп кетсе шаарды жабабыз»,-деп жазды Түлөбаев.

https://www.facebook.com/100001020860015/posts/3243367125707284/
Количество просмотров: 275