• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт

18 Аяк оона 2018 17:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.09.2018.Govori.TV.
Кыргызстандык грек-рим күрөшчү балбан Акжол Махмудов ушул күндөрү Словакиянын Трнава шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. 77 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Махмудов бүгүн, 18-сентябрда көңүл жубатуучу беттеште кытайлык Йилана Йилананы жеңип 9:1 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Акжол Махмудов 17сентябрда үч беттеш өткөргөн. Алгач ирандык Шаян Хоссейн Аффифини 10:1 эсебинде жеңди. Жарым чейрек финалда белорусиялык Артем Валасковичти 9:0 эсебинде утуп ишенимдүү келе жаткан. Тилекке каршы чейрек финалда орусиялык Ислам Опиевге жеңилип (1:1), алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калды.
Орус балбаны жарым финалда АКШ спортчусу Камал Амеер Бей менен таймашта жеңишке жетип, финалга чыккандыктан Махмудовго көңүл жубатуучу таймашка чыгууга жол ачылды. Алдыда Махмудов коло байге үчүн Камал Амеер Бей менен таймашат. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дал ушул акшылык спортчу менен 2017-жылы жаштар арасында дүйнө чемпионатынын финалында беттешип, жеңилип калган эле.
Количество просмотров: 30