• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Осмонов Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду

5 Тогуздун айы 2021 9:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык спортчу Алибек Осмонов эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Осмонов 65 кг салмакта чемпионаттын тандап алуу турунан баштап катышты. Ал франциялык (11:0), бразилиялык (12:2), украиналык (5:3) балбандарды жеңип, жарым финалга чыккан.

Жарым финалдык баскычта ирандык Амир Мохаммад Бабакка 4:5 эсебинде утулуп, коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло үчүн кармашууда Осмонов польшалык Кшиштоф Биенковскиди 4:1 эсебинде жеңген.

Количество просмотров: 370