• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балбан Жоламан Шаршенбеков бүгүн финалда күрөшөт

14 Бештин айы 202010:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин финалына чыкты. Мелдеш UWW уюмунун расмий сайтынан түз алып көрсөтүлүп жатат.

Маалым болгондой, аталган спорттук мелдеш Сербиянын борбору Белград шаарында өтүүдө. Бүгүн, 14-декабрда финалдык таймашта дүйнө чемпиону аталган орусиялык балбан Степан Марянян менен күрөшөт.

Белгилей кетсек, Шаршенбеков 13-декабрда 60 кг салмак категориясы боюнча таймашка чыгып, атаандаштарын жогорку эсеп менен утуп алган.

Количество просмотров: 211