• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дагы бир алтын! Жоламан Шаршенбеков эл аралык турнире жеңүүчү болду

9 Жалган куран 202411:25 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спортчу 60 кг салмакта күчүн сынашкан Шаршенбеков чечүүчү кармашта ирандык спортчуну 5:0 эсебинде утуп, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Спорттук иш-чара Түркиянын Анталия шаарында өтүп жатат. 7-мартта башталган биринчилик 11-мартта аяктайт.

Количество просмотров: 219