• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоламан Шаршенбеков Параолимпиада оюнчуларына ийгилик каалады (видео)

29 Баш оона 202417:38 Бишкек Govori.TV

Париж шаарында өтүп жаткан XVII жайкы Параолимпиада оюндарынын катышуучуларына колдоо сөзүн Париж Олимпиадасынын коло байгесинин ээси балбан Жоламан Шаршенбеков да айтып, видеокайрылуу жолдоду.

Ал Параолимпиада оюндарына катышып жаткан мекендештерибизге ийгилик каалап, жеңиштерди күтөөрүн айтты.

Буга чейин балбан Акжол Махмудов да өзүнүн колдоо сөздөрүн айтып, Париж шаарындагы XVII жайкы Параолимпиада оюндарына катышып жаткан кыргыз курамасына колдоого чакырган.

Кыргызстандан төрт спортчу өлкө намысын коргойт. Алар: Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо), Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг).

Количество просмотров: 114