Бүгүн, 6-августта Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөштү. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Кыргыз балбанынын атаандашы ирандык Мохсен Нежад Мехдини 3:1 эсебинде утуп, коло медаль тагынды. Париж Олимпиадасында Кыргызстандын капчыгында биринчи коло медаль болду.

Кыргызстандык спортчу 5-августта өткөн мелдештерде Казакстан менен Румыниянын спортчуларын эки жолу жеңген. Ал эми жарым финалда япониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, жеңилип калган.