Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө Кубогун жеңип алды.
Ал 60 кг салмакта финалдык беттеште орусиялык спортчу, дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси, Европа оюндарынын 2 жолку чемпиону Степан Марянянды жеңип алды. Буга чейин жарым финалда түркиялык балбан Ахмет Уярды 5:1 эсебинде жеңген болчу.
Финалдык беттештен кийин Жоламан Шаршенбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
«Бул жеңиш агайлардын эмгеги жана команданын биримдиги. Кыргыз элим үчүн жанымды беремин», — деп жазды Жоламан Шаршенбеков.
Кошумчалай кетсек, Жоламан Шаршенбеков 21 жашта. Ал греко-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалдын ээси.