Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Kaktus.kg редакциясына берген маегинде айткан.
Ал мындан аркы таймаштарга дал ушул желектин астында чыга турганын айткан.
«Мен желекти алмаштырууга каршымын. Менде эски желек бар. Жаңысын сатып алуу планымда жок», — деген ал.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды.
Мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.