Дүйнө кубогун жеңген Жоламан Шаршенбековго күйөрманы батир белек кылды. Бул тууралуу социалдык тармактарда видео тарады.
Маалыматка караганда, балбан Жоламан Шаршенбековго коомдук ишмер Доскул Бекмурзаев ак өргөнүн ачкычын тапшырган.
Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогу мелдешинин чемпиону болгон. Финалдык беттеште ал орусиялык Степан Марянянды утуп алган.