• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Балбан Жоломан Шаршенбековду “Манас” аэропортунан тосуп алышты

17 Бештин айы 2020 11:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-декабрда Белград шаарында (Сербия) өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына учуп келишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов тосуп алып, курама команданы мелдештерде жеткен ийгиликтери менен куттуктады.

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 3 медаль (1 алтын, 2 коло) утуп, Дүйнө кубогунда төртүнчү орунга ээ болду: 1-орун – Жоломан Шаршенбеков, 60 кг чейинки салмактык категорияда; 3-орун – Калы Сулайманов, 63 кг чейинки салмактык категорияда; 3-орун – Руслан Царев, 72 кг чейинки салмактык категорияда.

Количество просмотров: 313