Военно-Антоновка айылындагы Балдар үйүндөгү өспүрүмдүн өлүмүн мекеме аралык комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу 13-июнда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, комиссиянын курамына президенттик администрациядан, Жогорку Кеңештен, Ички иштер министрлигинен, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен, Билим берүү жана илим министрлигинен, жарандык сектордон өкүлдөр кирди. Ишти балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова көзөмөлдөп жатат.
Эске салсак, Чүйдөгү балдар үйүндө өспүрүм белгисиз жагдайда каза болгон. Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган.