• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Өспүрүмдүн өлүмү боюнча Билим берүү министрлигинин кызматкерлери Кеминге барды

23 Кулжа 2021 9:41 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдун тапшырмасы боюнча министрликтин кызматкерлери Чүй облусунун Кемин районуна барып, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлөбаева, Жалил Садыков атындагы №1 орто мектептин директору, социалдык педагог жана класс-жетекчи менен ушул мектептин 9-классынын бүтүрүүчүсү Х.О. өлүмү боюнча жолугушуп сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга милиция кызматкерлери да катышты. Алар фактылар жана тергөөнүн жүрүшү, ошондой эле коопсуздук жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча өткөрүлгөн профилактикалык иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Ички иштер органдарынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жашы жете электерге карата ушул кылмыш боюнча өз ара аракеттенүү маселелери, кыздын үй-бүлөсүнө жана социалдык абалына тиешелүү маселелер талкууланды.

Азыркы учурда мугалимдер, ушул мектептин жана райондун педагогикалык коомчулугу тарабынан каза болгон кыздын үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүлүүдө.

Количество просмотров: 129