Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 12 жашар өспүрүм каза болду. Резонанс жараткан окуя 1-июнда катталганы менен коомчулукка мындан туура 3 күн мурда белгилүү болду. Аталган балдар үйүнүн жетекчилиги баланын жүрөгү ооруп каза болгонун билдиришсе, күбөлөр менен балдардын укугун коргоочулар Игорь чоң класстын окуучулары тарабынан сабалганын айтышууда. Окуянын чоо-жайын кененирээк төмөндөгү материалдан көрө аласыз…