• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүм боюнча иш президенттин көзөмөлүндө

22 Кулжа 2021 8:58 Бишкек Govori.TV

Балдар үйүндө каза каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Рысбекова 21-июнда Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин менен жолуккан.

Эске салсак, балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусунун өлүмү тууралуу маалымат мындан эки жума мурда тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Количество просмотров: 153