• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн агасы президентке кайрылды

21 Кулжа 2021 10:11 Бишкек Govori.TV

Чүй облусундагы Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон 12 жаштагы Игорь Якуниндин бир агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жасады. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Ал президент Садыр Жапаровдон инисинин ишин жеке көзөмөлүнө алуусун өтүндү.

«Мага инимдин каза болгону туурасында 2-июнда кабарлашты. Мени жабырлануучу тарап катары эсептебегендиктен кандай экспертизалар дайындалганын билбейм. Урматтуу Садыр Жапаров, мен сизге президент катары жардам сурап кайрылам», — деди ал.

Эске салсак, 1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу Игорь Якунин каза болгон. Аталган балдар үйүнүн жетекчилиги баланын жүрөгү ооруп каза болгонун билдиришсе, күбөлөр менен балдардын укугун коргоочулар Игорь чоң класстын окуучулары тарабынан сабалганын айтышууда. 

Количество просмотров: 239