• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Абжалиевдин агасы «Мегакомдун» логистика бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалды

20 Жетинин айы 2018 14:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.11.2018.Govori.TV.
«Мегаком» деген соода маркасы катары белгилүү «Альфа-Телеком» акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ихтияр Абжалиев дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ишенимдүү булактар кабарлады.
«Азаттык» Алиярбек Абжалиев менен байланышканда, алгач ал муну четке какты. Кийинчерээк агасы аталган компаниянын бөлүм башчысы болуп дайындалганын бышыктады. Алиярбек Абжалиевдин айтымында, бир тууганы бажы кызматынын полковниги, экономист. Буга чейин бул тармакта көп жыл иштеген. Депутат агасы эч кандай тааныш-билиши жок, резюмесин жөнөтүп, мыйзамдуу түрдө ишке орношконун айтты.
Ихтияр Абжалиев логистика бөлүмүн жетектей баштаганын «Альфа Телеком» компаниясынын өкүлдөрү да ырасташты.
Алиярбек Абжалиев — президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.
Количество просмотров: 40