• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Садыр Жапаровдун агасы кармалды

2 Жалган куран 2020 23:37 Бишкек Govori.TV

2-мартта Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингдин уюштуруучулары деп саналган топ Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилди. Алардын айрымдары «бийликти басып алууга аракет кылган» деп шектелүүдө.

«Митингдин уюштуруучулары жана жигердүү мүчөлөрү УКМКга алынып келинди. Алар: Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров, Амангелди Артыков жана башкалар. Бул факты боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Кылмыш кодексинин 39-беренеси (бийликти күч менен басып алуу аракети) боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Учурда тергөө чаралары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Митингди уюштуруучулар катары аттары аталгандардын ичинен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын төрагасы, Сабыр Жапаров Садыр Жапаровдун агасы, ал эми Амангелди Артыков «Кырк уруу кыргыз — жети дубан ынтымагы» деп аталган кыймылдын жетекчиси катары таанымал.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Милиция баш-аламандыкка айыпталып кармалгандардын жалпы саны тууралуу так маалымат бере элек.

Количество просмотров: 701