• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Балдарды үйдөн чыгарбаңыздар! Мэр Суракматов шаар тургундарына кайрылды

8 Теке 2020 14:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июлда өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы эпидемиологиялык абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди.

Мэр Суракматов борбор калаада эпидемиологиялык абал курч болуп жатканын айтып, шаар тургундарын себепсиз көчөгө чыкпай, эрежелерди сактоого чакырды.

«Урматтуу шаар тургундары! Илдет азайганга чейин себепсиз көчөгө чыкпай, бардык жолугушууларды токтотуп туруубуз абзел. Балдарды үйдөн чыгарбаңыздар. Короодо сейилдеп ойногусу келет бирок баланы көчөгө чыгарып, анын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келесиздер. Азыркы учурда улгайган жана өнөкөт оорусу бар адамдарды изолияциялоо өтө маанилүү», — деди мэр.

Количество просмотров: 524