• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Мени качан камалат экен я дегендер да бар». Түлөбаев экс-мэрдин камалуусу тууралуу билдирүү жазды

28 Бугу 2021 12:12 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын экс-мэрини Азиз Суракматовдун кеңешчиси Балбак Тулөбаев акыркы окуяларга байланыштуу ал үчүн өтө оор экендигин белгиледи.

Бишкек шаарынын мурунку мэринин м.а Балбак Түлөбаев дагы бир экс-мэр Азиз Суракматовдун кармалышы боюнча комментарий берип, билдирүүсун фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Акыркы убактагы окуялар ички дүйнөмдө уйгу туйгу. Оор эле. Азиз Эмилбекович Суракматов боюнча көөп суроолор берип атышат. Мага өтө оор. Чогуу иштедик көп иштер жасалды шаарда. Соттордун, коопсуздук күчтөрдүн адилетүү териштирүүсүнө ишенем. Ишенгим келет. Коом өзгөрдү. Жакшы нерселер болуп атат. Табулар, адаттар жыгылууда. Өткөндө айттым өлкө үчүн, балдарыбыз үчүн адилетүү коом курулууда. Баарыбыз мыйзам алдында бирдейбиз, мыйзамсыз иш кылсак жооп тартабыз. «Эр жигиттин башы канжыгада».
«Беш манжа тең эмес». Мени качан камалат экен я дегендер да бар. Түшүнсөк болот. Мени «сүйүп» аткандар да жок эмес. Таза, түз иштегенге дайыма аракет кылдым. Ар бир кылган ишиме жооп беремин. Кудайга шүгүр жаман ишке барган жокмун. Эми убакыт көргөзөт. Актануу эмес жараткан алдында, достук алдында, абийр алдында парзым. Эч бир убакта башыңарды жерди каратпайм. Кудай баарыбызга сабырдуулук берсин», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 26-майда Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 3533