• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балдардын кийимдери ууланганбы? Министирлик бардык кийим-кечектерди текшере албайт

26 Бирдин айы 2018 10:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.02.2018. Govori.TV.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев “Азаттык” радиосуна Кыргызстанда өндүрүлүп жаткан текстил товарларынан уулуу заттар табыла электигин билдирди.

Министр Батыралиев өлкөгө кирип жана чыгып жаткан бардык кийим-кечекти текшерүү мүмкүн эместигин, эгерде уулануу фактылары боюнча арыздануу келип түшсө атайын лабораториялык изилдөө жүрөрүн айтты:

— Эл аралык саламаттык нормаларын Кыргызстан толугу менен сакташы керек. Жарандардын коопсуздугу биринчи орунда турат. Эгерде арыздануулар болсо жеринде иликтөөгө даярбыз. Ал эми Карагандыдагы окуя боюнча, Казакстан расмий далилдер, кат менен кайрылса, мамлекеттик экотехниспекия, бажы кызматтары менен чогуу иликтөө жүргүзөбүз, — деди Батыралиев.

23-февралда Казакстандын Караганды облусунда Кыргызстанда тигилген балдар кийиминен уулуу заттар табылганы тууралуу «Tengrinews» сайты кабарлаган. Сайт Караганды облусунун коомдук саламаттыкты коргоо департаментинин жетекчисинин орун басары Юрий Залыгинге шилтеме берген.

Анда шаардык санитардык кызматы дүкөндөрдө жана базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу формальдегид затынын өлчөмү нормадан көп экенин аныкталганы айтылат. Дарыгерлер бул балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунучтуу экенин белгилешкен. Зыяндуу заттар табылган кийимдер Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыкканы кабарланат.

Маалымат каражаты ошондой эле, товарлар соода жүгүртүүдөн алынып, аны сатып жаткан ишкерлерге 200 миллион теңге айып салынганын жазышты.

Саламаттык сактоо министрлиги 2017-жылы өлкөдө тигилген балдар жана чоңдордун кийимдерине жүзгө чукул иликтөө жасап, бензол, формальдегид, толуолдун курамын аныктаган. Натыйжада, белгиленген өлчөмдөн ашыкча уулуу заттар чыккан эмес.

Количество просмотров: 36