Бугу чейин айрым маалымат каражаттарында жарыяланган балдардын чачында уран көбөйүп кеткендиги боюнча маселе Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлдү.
Бүгүн, 21-февралда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 21-февралдагы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Бишкектин расмий өкүлдөрү бул маселе көтөрүп, буга кандай реакция кылганын сурады.
Ал эми борбор калаанын вице-мэри Максатбек Сазыкулов маалыматым жок деп жооп берди.
«Ал жерде баары ачык. Бул катастрофалык билдирүү. Чынын айтсам, бул кылмыш. Муну ким иликтейт, ким текшерүүлөрдү жүргүзөт?» — деп суроо салды депутат Айжигитов.
Эл өкүлунүн суроосуна жооп берген министрлер кабинетинин өкүлү «Биз бул жадайды териштиребиз. Техникалык көзөмөлгө тапшырма жөнөтүлдү, алар изилдеп жатышат», — деди.
10 күндөн бери эч кандай чара көрүлбөй жатканына нааразы болгон депутат Айжигитов жагдайды «өзгөчө кырдаал» деп атоого боло турганын белгиледи.