• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Балдардын майрамында аянт тосулуп, күзөтчүлөр элди текшерүүгө алды

1 Кулжа 2022 12:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянты тосулуп, автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бардык жерде милиция менен мамлекеттик күзөт кызматкерлери посттордон шаар тургундарынын кол сумкаларын текшерип, өткөрүүдө.

Белгилүү болгондой, бүгүн Бишкекте балдардын экинчи эл аралык «Наристе» фольклордук фестивалы башталып, иш-чарага президент Садыр Жапаров да катышты. Мындан улам майрамдык салтанатка келген жарандар текшерүүдөн өткөнгө мажбур болушту.

Жол кыймылына чектөө түштөн кийин алынары айтылды. Буга чейин Кайгуул милициясы кайсы көчөлөр жабыла турганын кабарлаган.

Количество просмотров: 131