Бүгүн, 11-апрелде Билим берүү жана илим министрлигине балдарын 1-класска электрондук кезекке тургуза албай жатканын айткан ата-энелер тобу барып, нааразылыгын билдиришти.
Министрлик электрондук системага биринчи күнү катталуучулар көп болуп, системага күч келгенин жана бардык каалоочулар сөзсүз катталарын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакта ата-энелер электрондук каттоо жүргүзүүдө бир катар суроолор пайда болуп жатканын, айрымдары сайт иштебей жатканын айтышкан.
Бүгүндөн тартып балдарды 1-класска кабыл алуу башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүнө караганда, мектеп жашындагы балдарды 1-класска кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап: 11-апрелден 27-июнга чейин – катталган жери боюнча. Экинчи этап: 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча.