• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Балка менен башына бир нече жолу урган. Ысык-Атада күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип аялы кармалды

11 Чын куран 2021 11:37 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 6-апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамаларында Ысык-Ата районунун ИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу телефон чалуу болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБ басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу Ивановка айылындагы үйлөрдүн биринен дене жаракаттары менен эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Териштирүү учурунда ал 34 жаштагы Х.И. аттуу жаран экендиги такталган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя болгон күнү 34 жаштагы жаран үй-бүлөлүк чырдын айынан мас абалында аялын сабап салган, андан соң төшөккө жатып уктап калган. Аялы ачууланып, сарайдан балканы алып, башына бир нече жолу уруп, натыйжада ал каза болгон. Андан кийин аялы баласын алып, ата-энесине кеткен. Кылмыш куралы БЧКга ыргытылган. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Количество просмотров: 283