• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Балыкчыдагы №51 жатак колониясынан эки адам качышты

10 Чын куран 2018 11:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.04.2018. Govori.TV.
Балыкчы шаарындагы №51 жатак колониясынан эки киши качып чыкканын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 8-апрель күнү болгон.
Түрмөдөн 1979-жылы туулган Исматов Зафаржон качты, Тажикстандын Вахдад шаарынын тургуну. 2018-жылы 12-февралда уурулук боюнча эки жылга эркинен ажыратылган.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы, көзү кара, орто бойлуу.
Экинчиси Буриев Аскаржон Бахтиёрович 1984-жылы туулган. Өзбекстандын Жонбай шаарынын тургуну. 2018-жылы жасалма документ жасап, төрт жылга соттолгон.
Криминалдык милиция кызматы тарабынан колониядан качкандарга кайрадан кылмыш иши козголду. Ага ылайык, качкындар мурунку жылдарынан тышкары кошумча үч жыл абакта болушат. Учурда Кыргызстандын аймагында кармоо планы жарыяланып, чек аралардагы өткөрүү жайларында жарандарды текшерүү күчөтүлдү.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын билдирдүүсүндө алар өз мамлекеттери Тажикстан жана Өзбекстанга өтүп кетиши ыктымал.
Количество просмотров: 38