• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу уланууда

20 Аяк оона 202410:26 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кочкор районунда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу активдүү уланууда. Темир жолдун астыңкы конструкциясы жана суу өткөргүчтөр курулуп, аны менен бирге рельс, шпалдар салынууда.

Жалпысынан 35 чакырым темир жол курулган. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Мындан тышкары табигый тоскоолдуктарды жоюу жана курулушту улантуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон жалпы узундугу 6 км болгон тилкелерде бургулоо жана жардыруу иштери пландаштырылган.

Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 60ка жакын атайын техника тартылды.
Темир жолдун курулушу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын өз күчү жана каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Балыкчы-Кочкор — Кара-Кече — Макмал темир жолу аймак үчүн да, жалпы өлкө үчүн да стратегиялык мааниге ээ. Бул транспорттук инфраструктураны жакшыртат, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыскартат жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот. Бул маршрут республикада бирдиктүү темир жол тармагын калыптандырууда негизги ролду ойнойт.

Количество просмотров: 174