16-октябрдан тарта дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 8.00дон-17.30га чейин “Балыкчы-Кочкор” автомобиль жолунун Кубакы ашуусуна бурулушка чейинки тилкеси 1 ай аралыгында жабылат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган тилкенин жабылуусу “Балыкчы-Кочкор темир жол куруу долбоорунун” курулушунун ишке ашыруунун алкагында долбоорлонгон темир жол тилкесинин 37-чакырымдан 43-чакырымга чейинки аралыкта аска таштарды бургулоо жана жардыруу иштери жүргүзүлүшүнө байланыштуу.