• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы эки айга камалды

30 Үчтүн айы 2024 15:13 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда 11 жаштагы Фатима Акунованы сүзүп кеткен деген шек менен кармалган Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев 26-мартка чейин камакка алынды. Мындай токтомду 29-январда Каракол шаардык соту чыгарганын Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” жана “Коркунучта калтыруу” беренелери менен айып коюлду.

Анын иниси Бекзат Казаков эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошотулду. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу” беренеси менен кине тагылды.

26-январда түш ченде Балыкчы шаарында жол боюнда турган 11 жаштагы окуучу кызды автоунаа коюп кетип, ал видеокамераларга түшүп калган. Бул окуядан кийин кыздын атасы Максатбек Байгазиев коомчулуктан жардам сурап, кызын сүзүп кеткен милиция кызматкери жоопкерчиликтен качып кетүүгө аракет кылып жатканын айткан.

Кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милициянын кызматкери Бекзат Казаков машинени ал айдап баратканын айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, анын агасы — Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев айдап баратканын айтып, ал “окуя болгон жерден качып кетти” деп нааразы болушкан.

Милиция кызды сүзүп кеткен машине Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө тиешелүү Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа экенин ырастаган. Бул окуядан кийин ага-ини Бекзат Казаков менен Бектур Осмонбаев кызматтан алынган. Ишти УКМК тергеп жатат.

Фатиманын атасы Максатбек Байгазиев бул окуяга шек саналып жаткан Бектур Осмонбаев менен Бекзат Казаковго тосмо арыз жазып берди.

Количество просмотров: 71