• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Балыкчыда бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болду

3 Теке 2022 22:01 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарыныны четиндеги унаа жолдо бир нече чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришүүдө.

Алардын айтымында, жол кыймылы бир тилкеде уюштурулгандыктан, жүздөгөн унаалар жолдо токтоп калган. Экинчиси оңдоо иштерине байланыштуу жабылган.

Эске салсак, буга чейин бийлик өкүлдөрү Балыкчы-Корумду унаа жолун реконструкциялоону кайра баштоону чечкени белгилүү болгон.

«Эмнеге туристтик сезондун башталышы менен оңдоп-түзөө иштерин баштоо керек эле», — деп нааразы болушууда окурмандар.

Количество просмотров: 263