Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 23-январда алдын ала маалымат боюнча саат 06:22 чамасында катуу шамал катталган.
ӨКМдин маалыматына ылайык, шамал Балыкчы шаардык аймактык ооруканасынын чатырын учуруп, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн терезесин сындырып, натыйжада 2 жаран (1992-жылы туулган Ш. кызы Ж. аттуу 1 аял жана 2023-жылы туулган М.Т. аттуу кичине бала) жабыркаган.
Алардын абалдары туруктуу, учурда дарыгерлердин кароосунан өтүп жатышат.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан ыкчам топ тартылды жана шаардык Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.