• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Балыкчыда милиционер сүзүп кетти делген кыздын атасы дооматтардан баш тартты

29 Үчтүн айы 2024 22:53 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда унаа сүзүп кеткен кыздын атасы кармалган милиция кызматкерлерине карата дооматынан баш тартты. Бул тууралуу активист Эртай Искаков соцтармактагы баракчасына жазды.

Жол кырсыгы 26-январда болгон. Анда автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен. Унаа Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси жана 312-беренеси боюнча иш козголгон.

Кошумчалай кетсек, кырсыктан кийин Балыкчы шаарындагы аймактык тескөөчү, милиция кызматкери рулда ал болгонун айтып, күнөөнү мойнуна аларын билдирген. Бирок жергиликтүү тургундар автоунааны ал эмес, агасы — Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмонбаев башкарып баратканын айтып, окуя болгон жерден качып кеткен деп нааразы болушкан.

Балыкчы шаарында жашы жете элек кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында, ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилген.Ошондой эле бул иш боюнча дагы бир шектүү — Бектур Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков да Караколдогу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 

Количество просмотров: 746