• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Балыкчыда ок атылып, адам жарадар болду

3 Үчтүн айы 201911:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.01.2019.Govori.TV.

Балыкчы шаарында травматикалык куралдан ок атылып, 36 жаштагы киши жабыркаган.

Ысык-Көл облустук милициянын маалымат кызматы кабарлагандай,  милиция кызматкерлери андан жарым саат мурун жабырлануучу дүкөндөрдүн бирине кирип, ал жактан Ж. аттуу бир адам менен жолукканын аныктап чыгышкан. Экөө айтыша кетип (тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн уруштун себеби айтылбайт), соңунда Ж. травматикалык куралдан жүрөк тушка ок чыгарып, андан кийин из жашырып кеткен.

Окуя болгон жерди тинтүүдөн кийин 45 RUBBER үлгүсүндөгү травматикалык тапанчанын огу табылган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Окуя 2-январда болгондугун, үй-бүлөлүк чыр-чатак атышуу менен аяктагандыгын кабарлады. 

Аталган фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин 2-пункту («Ок атуучу, газ же травматикалык куралды пайдалануу менен жасалган бейбаштык») негизинде иш козголуп, сотко чейинки иликтөө башталды.

Количество просмотров: 13