Бүгүн, 14-октябрда Балыкчы шаарында саркынды сууларды тазалоочу курулма ишке берилди.
Саркынды сууларды тазалоочу объектинин ачылышына шаар мэри Азамат Арнабек уулу, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси жана Балыкчы шаарынын мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышты.
Кубаттуулугу суткасына 4 200 м 3метрди түзгөн, жапысынан 80 000 жашоочуга ынгайлаштырылган бул заманбап ишкана КР Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлыгына ылайык курулган.
Заманбап, бардык талаптарга жооп берген саркынды сууларды тазалоочу курулма механикалык, биологиялык жана ультрафиолеттик тазалоо болуп үч катмарлуу тазалоодон турат.
Курулуш иштери «Тяньжин корпорейшн» «Чайна Роад» компаниясы бириккен консорциум тарабынан аткарылган.
Саркынды сууларды тазалоочу бекеттин курулушунун суммасы — 9 487 632 АКШ долларын түзүп, долбоор Азия Өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашырылды.
Кошумчалай кетсек, бүгүн республика боюнча онлайн режимде 45 объект ачылды.