“Ас-Саффа” кайрымдуулук фондунун каржысы жана мэриянын колдоосу менен
Балыкчы шаарында жакынкы арада жетим балдар үчүн 25 жаңы үй курула турган болду.
Бул долбоор жогорудагы кайрымдуулук фонддун каржылоосу менен ишке ашырылат жана шаар мэриясы тарабынан толук колдоого алынат. Ал үчүн мэрия эки жарым гектар жер бөлүп берди.
Жаңы үйлөр бардык заманбап талаптарга ылайык курулуп, балдардын жашоосу үчүн толук шарттарды камтыйт.