• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Балыкчыдагы блокпостто башка аймакта катталгандар киргизилбей жатат

22 Жалган куран 2020 20:04 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарында бүгүн коюлган блокпосттон кийин башка облустарда катталган жарандар артка кайтарылууда. Бул тууралуу Govori. TVга күбөлөр билдирди.

Анын айтымында, келип жаткан адамдардын паспортунда Ысык-Көлдө каттоосу жок болсо артка кетирип жатышат.

«Балыкчы шаарында унаанын айдоочулары текшерүүдөн өтүп, шаарга башка аймактан келгендер киргизилбей жатат. Мындан улам узун кезек жаралды. Ошондуктан Бишкекте болсоңуздар билбей сапарга чыгып албагыла! «,-деди күбө.

Белгилей кетсек, мындай чара коронавирусту жайылтпоо максатында киргизилген өзгөчө кырдаалдын алкагында көрүлүүдө.

Количество просмотров: 439