• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Балыкчыдагы жол кырсык. Жабыркаган кыздын абалы айтылды

29 Үчтүн айы 2024 12:10 Бишкек Govori.TV

Балыкчыда унаа сүзгөн 11 жаштагы кыздын абалы туруктуу жана оор. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркаган кызды бүгүн травматология бөлүмүнө которуу пландалууда.

Эске салсак, жол кырсыгы 2024-жылдын 26-январында болгон. Анда Geely Monjaro үлгүсүндөгү автоунаа 11 жаштагы кызды сүзүп качып кеткен.

Унаа Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгына таандык экени такталган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренеси («Коркунучта калтыруу — этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирген жосун») жана 312-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу — этиятсыздыктан ден соолугуна оор залал келтирген ошол эле жосун») боюнча иш козголгон.

Балыкчы шаарында жашы жете элек кызды сүзүп кетүү фактысы боюнча шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалып ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген. Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында, ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Ошондой эле бул иш боюнча дагы бир шектүү — Бектур Осмонбаевдин иниси Бекзат Казаков да Караколдогу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 

Количество просмотров: 627