• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Банк кызматкери 1,2 млн сомду тымызын чегерип алды

25 Аяк оона 201811:09 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
Ош облусундагы банктардын биринде кызматынан кыянат пайдаланып, 1,2 млн сом чегерип алган кызматкер кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын октябрь айынан 2018-жылдын июнь айына чейин коммерциялык банктын сактык кассасынын башчысы жарандарга аманат ачып берүү үчүн алдоо жолу менен 1 млн 289 миң сом алган. Бирок акчаны кассага төлөбөй аны өз муктаждыгына жумшаган.
Бул факты боюнча кылмыш жаза кодексинин “алдамчылык” жана “кызматынан кыянат пайдалануу” беренелери менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.
Количество просмотров: 49