• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Свердлов РИИБ кызматкери жол кырсыгынан каза тапты

21 Тогуздун айы 2019 11:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ кызматкери жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу Govori.TVга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн басма сөз катчысы Темирлан Мирсадык уулу билдирди.   

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 21-октябрда болжол менен саат 7:00 чамасында болгон. Свердлов районунун кичи лейтенант наамындагы аймактык милиционери К.А. Hyundai Getz унаасында жумушуна бара жаткан.

1992-жылы туулган К.А. унаасын башкара албай калып, бакты сүзгөн. Лебединовка айылында милициянын инспектору Чүй облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. К.А. алган жаракаттарынан өзүнө келбей каза тапты,-деп айтылат маалыматта.

 Бул факт боюнча учурда соттук-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалып, териштирүү башталган.

Количество просмотров: 50