Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыктан аскер кызматкери каза тапты. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 30-октябрда болгон.
Аскер кызматкери жеке унаасы менен бара жатып, башка унаа менен кагылышуудан качып каршы тилкеге чыга калган. Ал дагы бир аскер кызматкери отурган унааны сүзүп алган. Кесепетинен экинчи унаадагы аскер кызматкери каза таап, экинчиси ооруканага түштү, — деп жазылат маалыматта.