• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Банктан жасалма паспорт менен акча алгандар кармалды

20 Кулжа 2022 16:36 Бишкек Govori.TV

Чүйдөгү банктардын биринен жасалма паспорт менен ири суммада акча алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-ноябрында Ысык-Ата райондук милициясына Эсептешүү-сактык компаниясынын өкүлү Э.И. кайрылган. Анын айтымында, ошол жылдын 10-февралында бейтааныш киши А.К. аттуу адамдын паспорту менен келип, өзүн кардар катары тааныштырып, депозиттик эсептен 350 миң сом, эртеси 3 млн 845 миң сом алып кеткен.

Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында кылмышка шектүүлөр 2 жылдан кийин кармалышкан. Алар: Бишкектин 1996-жылы туулган тургундары А.А., О.З., 1997-жылы тургуну Э.А. ушул жылдын 18-июнунда колго түшүрүлгөн.

Учурда шектүүлөр суракка алынып,тергөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 548