УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында пайдалуу кендерди мыйзамсыз ташып чыгуу фактыларын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР УКМКга Кадамжай сурьма комбинатынын (КСК) аймагынан 22,5 тоннадан ашык сурьма концентратын мыйзамсыз ташып чыгуу тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча сурьма өндүрүмүнөн кийинки чийки заттын баасы болжол менен 600 миң АКШ долларын түзөөрү аныкталган. Аталган факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча Башкармалыгы тарабынан КР КЖК 292-беренесинде (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Д.Д.С.», «О.А.Э.» жана «Б.М.К.» аттуу КР жарандарынын ортосунда КСКнын аймагынан сурьма концентратын уурдап, андан ары сатуу аракеттерин көрүү боюнча кылмыштуу бүтүм түзүлгөнү аныкталган.
Учурда КР УКМК тарабынан күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз сатууга байланышкан башка фактыларды аныктоо боюнча комплекстүү иш-чаралары уланууда.