• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Банктын тонолушу боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды

26 Жетинин айы 201916:17 Бишкек Govori.TV

«ЭкоИсламикБанкынын» филиалынын тонолушу боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

«Окуя бүгүн, 26-ноябрда эртең менен саат 8:47лер чамасында болгон. Милицияга саат 9:17де билдирүү келип  түшкөн. Банктын филиалы 6-кичирайондо, Сухэ-Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Эки киши банктын филиалына кирип барып күзөтчүнү сабап, тапанчасын тартып алышкан. Андан соң кассадагы акчаны алып качып кетишкен. Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси («Карактоо») боюнча тергөө башталды»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 225