Бишкек.05.01.2019.Govori.TV.
Баасы 1 миллион долларга бааланган аргымактын эти айылдыктарга таркатылганын ээси Алмаз Колдошев кабарлады.
Эске салсак, республикада эң зор деп таанылган «Барон» аттуу күлүк өткөн айдын этегинде Чүй районундагы Манас айылындагы көк бөрүдөн кийин белгисиз себептерден улам жан берген.
Ээсинин айтымында анын ууландырылгандыгы тууралуу далилдер дагы жок. Социалдык тармактын колдонуучулары атка көз тийиши мүмкүндүгүн жазып чыгышкан.
Мурдараак аргымактын эси аны 1 миллион долларга сатпай койгондугу айтылган.