• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде сел жүрдү

13 Теке 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан блдиришти.

Маалыматка ылайык,12-июль күнү саат 15:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Исфана шаарында жана Тогуз-Булак айыл аймагында коктулардан келген суу үч турак үйдүн короосун каптаган.

Учурда тиешелүү адистерден турган комиссия, куткаруучулар сел жүргөн аймакта иштеп жатышат.

Буга чейин 12-июлга карата Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда карга айланары кабарланган болчу.

Количество просмотров: 128