• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

24 Бирдин айы 2020 12:57 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда «Кыргыз келечеги» коомдук бирикмесинин төрагасы Мукар Чолпонбаев жыйын учурунда билдирди.

«Конституциялык реформа жөнүндө маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жатат. Азыркы Баш мыйзамды түп тамыры менен оңдошубуз керек. Айрымдары президенттик башкарууга өтүш керек десе, кээ бирлери парламенттик башкаруу болуусу зарыл экенин айтышууда. Азыркы Баш мыйзамда экөө тең жок. Эгер парламенттик башкарууну чындыгында классикалык түрдө, Европадагыдай жүргүзөбүз десек, жеңген партиянын жетекчиси же ошол коалициянын башчысы өзү премьер-министр болуп, саясий-укуктук жоопкерчиликти мойнуна алышы керек. Көрүнгөн кишини жалдап келип, «менеджер болуп бер» деген туура эмес. Эгер ал адам аткаруу бийлигин толук башкарып кете албаса, ошол парламент премьер-министри менен чогуу кетиши керек эле.Бизде андай болбой жатпайбы»,-деди Мукар Чолпонбаев .

Количество просмотров: 169